Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Az-Zumar — Ayah 63

لَّهُۥ مَقَالِيدُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۗ وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡخَٰسِرُونَ ٦٣
Асмандар менен Жердеги жакшылык казыналарынын ачкычтары жалгыз Ага гана таандык. Ал аны Өзү каалаганга берет, Өзү каалагандан тыйып коёт. Аллахтын аяттарына каапырлык кылгандар – мына ошолор жоготууга учурагандар. Анткени алар дүйнө жашоосунда ыймандан куру калышты жана акыретте түбөлүк тозокко киришти.