Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Az-Zumar — Ayah 71

وَسِيقَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ إِلَىٰ جَهَنَّمَ زُمَرًاۖ حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءُوهَا فُتِحَتۡ أَبۡوَٰبُهَا وَقَالَ لَهُمۡ خَزَنَتُهَآ أَلَمۡ يَأۡتِكُمۡ رُسُلٞ مِّنكُمۡ يَتۡلُونَ عَلَيۡكُمۡ ءَايَٰتِ رَبِّكُمۡ وَيُنذِرُونَكُمۡ لِقَآءَ يَوۡمِكُمۡ هَٰذَاۚ قَالُواْ بَلَىٰ وَلَٰكِنۡ حَقَّتۡ كَلِمَةُ ٱلۡعَذَابِ عَلَى ٱلۡكَٰفِرِينَ ٧١
Периштелер Аллахка каапырлык кылгандарды топ-тобу менен кордогон абалда тозокко алып келишет. Качан алар тозокко келгенде ага сакчылык кылган периштелер анын эшиктерин ачышат жана аларды жемелелеген абалда: «Силерге Раббиңер тараптан түшкөн аяттарды окуп берген, кыямат күндөгү катуу азаптар болгон жолугушуу тууралуу коркутуп эскерткен, өзүңөрдөн болгон пайгамбарлар келген жок беле?» – деп тосуп алышат. Каапырлык кылгандар моюндарына алып: «Ооба, ошонун баарысы болгон. Бирок азап сөзү каапырлардын башына түшөрү милдет экен. Биз каапырлардан болчубуз» – деп айтышат.