Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Ash-Shuraa — Ayah 18

يَسۡتَعۡجِلُ بِهَا ٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِهَاۖ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مُشۡفِقُونَ مِنۡهَا وَيَعۡلَمُونَ أَنَّهَا ٱلۡحَقُّۗ أَلَآ إِنَّ ٱلَّذِينَ يُمَارُونَ فِي ٱلسَّاعَةِ لَفِي ضَلَٰلِۭ بَعِيدٍ ١٨
Ага ишенбегендер анын батыраак келишин шаштырышат. Анткени алар суракка, сооп-сыйлыкка жана жазага ишенишпейт. Ал эми Аллахка ыйман келтиргендер болсо ага баруудан коркушат жана алар анын эч кандай шек-күмөнү жок акыйкат экенин анык билишет. Каямат сааты тууралуу талашып-тартышкандар жана анын болору тууралуу шектенгендер акыйкатка туура келбегендей анык адашууда!