Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Ash-Shuraa — Ayah 52

وَكَذَٰلِكَ أَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡكَ رُوحٗا مِّنۡ أَمۡرِنَاۚ مَا كُنتَ تَدۡرِي مَا ٱلۡكِتَٰبُ وَلَا ٱلۡإِيمَٰنُ وَلَٰكِن جَعَلۡنَٰهُ نُورٗا نَّهۡدِي بِهِۦ مَن نَّشَآءُ مِنۡ عِبَادِنَاۚ وَإِنَّكَ لَتَهۡدِيٓ إِلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ ٥٢
Оо, пайгамбар! Биз сенден мурунку пайгамбарларга вахий кылгандай сага дагы Куранды Өз алдыбыздан вахий кылдык. Сен буга чейин пайгамбарларга асмандан түшкөн китептер эмне экенин жана ыйман деген эмне экенин билчи эмессиң. Бирок Биз бул Куранды нур кылып түшүрдүк, Биз аны менен Өзүбүз каалаган пенделерибизди туура жолго салабыз. Чындыгында сен дагы адамдарды туура жол болгон Ислам динине багыттайсың.