Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Ash-Shuraa — Ayah 7

وَكَذَٰلِكَ أَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡكَ قُرۡءَانًا عَرَبِيّٗا لِّتُنذِرَ أُمَّ ٱلۡقُرَىٰ وَمَنۡ حَوۡلَهَا وَتُنذِرَ يَوۡمَ ٱلۡجَمۡعِ لَا رَيۡبَ فِيهِۚ فَرِيقٞ فِي ٱلۡجَنَّةِ وَفَرِيقٞ فِي ٱلسَّعِيرِ ٧
Оо, пайгамбар! Сен Меккени жана анын айланасындагы араб шаарларын, ошондой эле бүткүл адамзатты эскертүүң үчүн жана Аллах абалкылар менен акыркыларды сурак жана жаза-сыйлык үчүн бир жайга чогулткан, шек-күмөнсүз боло турган кыямат күнүнөн адамдарды коркутууң үчүн Биз сенден мурунку пайгамбарларга вахий кылганыбыз сыяктуу сага дагы арабча Куранды вахий кылдык. Ал кезде адамдар эки топко бөлүнүшөт: бир тобу бейиштеги ыймандуулар, экинчи тобу тозоктогу каапырлар.