Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Az-Zukhruf — Ayah 65

فَٱخۡتَلَفَ ٱلۡأَحۡزَابُ مِنۢ بَيۡنِهِمۡۖ فَوَيۡلٞ لِّلَّذِينَ ظَلَمُواْ مِنۡ عَذَابِ يَوۡمٍ أَلِيمٍ ٦٥
Христиан жамааттар Иса тууралуу талашып-тартышты. Кээ бирлери «ал – кудай» дешсе, кээ бирлери «ал кудайдын баласы» дешти, кээ бирлери болсо «ал энеси экөөсү кудай» дешти. Исаны кудай же анын баласы же ыйык үчилтик деп сыпаттоо менен өздөрүнө зыян келтиргендерге кыяматта аларды күткөн кыйноочу азап-тозок болсун!