Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Jathiyah — Ayah 17

وَءَاتَيۡنَٰهُم بَيِّنَٰتٖ مِّنَ ٱلۡأَمۡرِۖ فَمَا ٱخۡتَلَفُوٓاْ إِلَّا مِنۢ بَعۡدِ مَا جَآءَهُمُ ٱلۡعِلۡمُ بَغۡيَۢا بَيۡنَهُمۡۚ إِنَّ رَبَّكَ يَقۡضِي بَيۡنَهُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ فِيمَا كَانُواْ فِيهِ يَخۡتَلِفُونَ ١٧
Жана Биз аларга акыйкатты жалгандан айырмалаган далилдерди бердик. Аларга пайгамбарыбыз Мухаммаддын жиберилиши менен далилдер келгенден кийин гана талашып-тартышышты жана аларды мындай кайым айтышууга бийликке жана кадыр-баркка жанталашуудан улам бири-бирине болгон зулумдук гана түрткү берди. Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиң кыяматта алардын дүйнөдө талашып-тартышкан нерселерине өкүм чыгарып, алардын кимиси акыйкатта, кимиси жалганда болгонун ачыктайт.