Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Jathiyah — Ayah 24

وَقَالُواْ مَا هِيَ إِلَّا حَيَاتُنَا ٱلدُّنۡيَا نَمُوتُ وَنَحۡيَا وَمَا يُهۡلِكُنَآ إِلَّا ٱلدَّهۡرُۚ وَمَا لَهُم بِذَٰلِكَ مِنۡ عِلۡمٍۖ إِنۡ هُمۡ إِلَّا يَظُنُّونَ ٢٤
Кайра тирилүүнү четке каккан каапырлар айтышты: «Бул дүйнөдөгү гана жашообуз бар, андан кийин эч кандай жашоо жок. Муундар өтөт, алар кайра кайтып келишпейт. Муундар жаңырат жана аларды түн менен күндүн алмашуусу гана өлтүрөт». Аларда кайра тирилүүнү жокко чыгаруу тууралуу илим жок. Алар божомол ойлорго гана таянышат. Чындыгында божомол ойлор акыйкатка эч кандай пайда келтирбейт.