Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Jathiyah — Ayah 5

وَٱخۡتِلَٰفِ ٱلَّيۡلِ وَٱلنَّهَارِ وَمَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مِن رِّزۡقٖ فَأَحۡيَا بِهِ ٱلۡأَرۡضَ بَعۡدَ مَوۡتِهَا وَتَصۡرِيفِ ٱلرِّيَٰحِ ءَايَٰتٞ لِّقَوۡمٖ يَعۡقِلُونَ ٥
Күн менен түндүн алмашуусунда, Аллах асмандан жамгыр жаадырып эч кандай өсүмдүк өспөгөн өлүк жерди өндүрүп тирилтүүсүндө жана силердин пайдаңар үчүн бирде бул тараптан, бирде тигил тараптан соккон шамалдарды жүргүзүүсүндө акыл жүгүрткөн адамдар үчүн далилдер бар. Алар буларды Аллахтын жалгыздыгына, кайра тирилтүүгө жана бардык нерсеге кудуреттүү экендигине далил кылышат.