Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Ahqaf — Ayah 12

وَمِن قَبۡلِهِۦ كِتَٰبُ مُوسَىٰٓ إِمَامٗا وَرَحۡمَةٗۚ وَهَٰذَا كِتَٰبٞ مُّصَدِّقٞ لِّسَانًا عَرَبِيّٗا لِّيُنذِرَ ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ وَبُشۡرَىٰ لِلۡمُحۡسِنِينَ ١٢
Бул Курандан мурун Аллах Мусага акыйкатта ээрчүүчү жол башчы болгон жана Исраил урпактарынан ага ыйман келтирип, ээрчигендерге ырайым болгон Тоорат китебин түшүрдү. Ал эми Мухаммадга түшкөн бул Куран Аллахка ширк жана күнөөлөрдү кылуу менен өздөрүнө зыян келтиргендерди эскертиш үчүн, ошондой эле Жаратуучусу жана макулуктар менен жакшы мамиледе болгон адамдарга сүйүнчү катары өзүнөн мурунку китептерди тастыктап араб тилинде түштү.