Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Ahqaf — Ayah 15

وَوَصَّيۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ بِوَٰلِدَيۡهِ إِحۡسَٰنًاۖ حَمَلَتۡهُ أُمُّهُۥ كُرۡهٗا وَوَضَعَتۡهُ كُرۡهٗاۖ وَحَمۡلُهُۥ وَفِصَٰلُهُۥ ثَلَٰثُونَ شَهۡرًاۚ حَتَّىٰٓ إِذَا بَلَغَ أَشُدَّهُۥ وَبَلَغَ أَرۡبَعِينَ سَنَةٗ قَالَ رَبِّ أَوۡزِعۡنِيٓ أَنۡ أَشۡكُرَ نِعۡمَتَكَ ٱلَّتِيٓ أَنۡعَمۡتَ عَلَيَّ وَعَلَىٰ وَٰلِدَيَّ وَأَنۡ أَعۡمَلَ صَٰلِحٗا تَرۡضَىٰهُ وَأَصۡلِحۡ لِي فِي ذُرِّيَّتِيٓۖ إِنِّي تُبۡتُ إِلَيۡكَ وَإِنِّي مِنَ ٱلۡمُسۡلِمِينَ ١٥
Биз инсанга ата-энесин тирүү кезинде жана өлгөндөн кийин шариятка каршы келбеген деңгээлде сыйлап, аларга жакшылык кылууга кескин буйрук бердик. Айрыкча энеси аны кыйынчылык менен боюнда көтөрдү жана кыйналып төрөдү. Аны боюнда көтөрүү жана эмчектен чыгаруу мөөнөтү отуз ай созулат. Ошентип ал акыл жана дене жактан кубаттуу болуп кырк жашка толгондо айтты: «Раббим! Сен мага жана ата-энеме кылган жакшылыгыңа шүгүр кылууну жана Сени ыраазы кылган жакшылык иштерди кылууну көңүлүмө сал жана аларды менден кабыл кыл. Бала-чакамды оңдой көр. Мен Сага күнөөлөрүм үчүн тообо кылдым жана Сага баш ийип, буйруктарыңа моюн сунамын».