Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Ahqaf — Ayah 17

وَٱلَّذِي قَالَ لِوَٰلِدَيۡهِ أُفّٖ لَّكُمَآ أَتَعِدَانِنِيٓ أَنۡ أُخۡرَجَ وَقَدۡ خَلَتِ ٱلۡقُرُونُ مِن قَبۡلِي وَهُمَا يَسۡتَغِيثَانِ ٱللَّهَ وَيۡلَكَ ءَامِنۡ إِنَّ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٞ فَيَقُولُ مَا هَٰذَآ إِلَّآ أَسَٰطِيرُ ٱلۡأَوَّلِينَ ١٧
Ал эми ата-энесине мындай деп айтканы бар: «Куруп кеткиле! Экөөңөр мени өлгөндөн кийин кабырымдан кайра тирилип чыгат деп ойлоп жатасыңарбы? Канча деген муундар өттү, ал муундарда адамдар өлүштү. Алардан эч ким тирилген жок го?». Ата-энеси Аллахтан аны ыйманга келтирүүгө жардам сурап баласына: «Кайра тирилүүгө ыйман келтирбесең куруп кетесиң. Андыктан ага ыйман келтир. Аллахтын кайра тирилүү тууралуу убадасы шек-күмөнсүз чындык» – дешет. Ошондо ал кайта тирилүүнү дагы четке кагып мындай дейт: «Кайра тирилүү тууралуу айтылган сөздөр байыркылардын жазган китептеринен алынган. Аллахтан экендигини тастыкталган эмес».