Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Ahqaf — Ayah 24

فَلَمَّا رَأَوۡهُ عَارِضٗا مُّسۡتَقۡبِلَ أَوۡدِيَتِهِمۡ قَالُواْ هَٰذَا عَارِضٞ مُّمۡطِرُنَاۚ بَلۡ هُوَ مَا ٱسۡتَعۡجَلۡتُم بِهِۦۖ رِيحٞ فِيهَا عَذَابٌ أَلِيمٞ ٢٤
Качан аларга өздөрү шаштырган азап келгенде, асмандан алардын өрөөнүн көздөй бет алган булуттарды көрүп: «Бул бизге жамгыр жаадыруучу кара булут» – дешти. Худ аларга айтты: «Бул силер ойлогондой жамгырлуу булут эмес. Ал силер шаштырган азап. Ал жан кыйноочу азаптуу шамал».