Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Ahqaf — Ayah 26

وَلَقَدۡ مَكَّنَّٰهُمۡ فِيمَآ إِن مَّكَّنَّٰكُمۡ فِيهِ وَجَعَلۡنَا لَهُمۡ سَمۡعٗا وَأَبۡصَٰرٗا وَأَفۡـِٔدَةٗ فَمَآ أَغۡنَىٰ عَنۡهُمۡ سَمۡعُهُمۡ وَلَآ أَبۡصَٰرُهُمۡ وَلَآ أَفۡـِٔدَتُهُم مِّن شَيۡءٍ إِذۡ كَانُواْ يَجۡحَدُونَ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ وَحَاقَ بِهِم مَّا كَانُواْ بِهِۦ يَسۡتَهۡزِءُونَ ٢٦
Биз Худдун коомуна силерге бербеген кубаттуулук себептерин бердик. Жана аларга угуш үчүн кулактарды, көрүш үчүн көздөрдү, акыл жүгүртүш үчүн жүрөктөрдү бердик. Бирок аларга кулактары, көздөрү жана акылдары эч пайда келтирген жок жана аларды Аллахтын азабы келгенде коргой алган жок. Анткени алар Аллахтын аяттарына каапырлык кылышты. Аларга пайгамбары Худ эскерткенине карабастан шылдыңдап жатышкан азап баштарына түштү.