Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Ahqaf — Ayah 28

فَلَوۡلَا نَصَرَهُمُ ٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُواْ مِن دُونِ ٱللَّهِ قُرۡبَانًا ءَالِهَةَۢۖ بَلۡ ضَلُّواْ عَنۡهُمۡۚ وَذَٰلِكَ إِفۡكُهُمۡ وَمَا كَانُواْ يَفۡتَرُونَ ٢٨
Алар жакындайбыз деп кудай тутуп сыйынган жана курмандык чалган Аллахтан башка кудайлары аларга жардам беришпейби?! Алар эч качан жардам беришкен эмес. Тескерисинче алар өтө муктаж болуп турган учурда жок болуп кетишти. Бул алардын ошол айкелдери жардам берет жана Аллахтын алдында шапаат кылат деп өздөрүн тынчтантып жүргөн жалгандары жана дооматтары.