Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Ahqaf — Ayah 33

أَوَلَمۡ يَرَوۡاْ أَنَّ ٱللَّهَ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَلَمۡ يَعۡيَ بِخَلۡقِهِنَّ بِقَٰدِرٍ عَلَىٰٓ أَن يُحۡـِۧيَ ٱلۡمَوۡتَىٰۚ بَلَىٰٓۚ إِنَّهُۥ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ ٣٣
Кайра тирилүүнү жалганга чыгарган мушриктер көрүшпөйбү, асмандар менен жерди жараткан жана алардын чоңдугуна жана кеңдигине карабастан аларды жаратууда алсыздык кылбаган Аллах, сурак жана сыйлык үчүн өлүктөрдү кайра тирилтүүгө кудуреттүү эмеспи? Албетте, аларды тирилтүүгө Кудуреттүү. Чындыгында Ал бардык нерсеге Кудуреттүү. Өлүктөрдү кайра тирилтүүдө Аны эч ким алсыз кыла албайт.