Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Ahqaf — Ayah 35

فَٱصۡبِرۡ كَمَا صَبَرَ أُوْلُواْ ٱلۡعَزۡمِ مِنَ ٱلرُّسُلِ وَلَا تَسۡتَعۡجِل لَّهُمۡۚ كَأَنَّهُمۡ يَوۡمَ يَرَوۡنَ مَا يُوعَدُونَ لَمۡ يَلۡبَثُوٓاْ إِلَّا سَاعَةٗ مِّن نَّهَارِۭۚ بَلَٰغٞۚ فَهَلۡ يُهۡلَكُ إِلَّا ٱلۡقَوۡمُ ٱلۡفَٰسِقُونَ ٣٥
Оо, пайгамбар! Элиңдин сени жалганга чыгарганына туруктуулук ээлери болгон Нух, Ибрахим, Муса, Иса пайгамбарлардай болуп сабыр кыл жана аларга азапты шаштырба! Элиңдеги каапырлар аларга убада кылынган акыреттеги азапты көрүшкөндө, аларга берилген азаптын узактыгынан улам дүйнөдө күндүзгү бир сааттай гана жашагандай болушат. Мухаммадга түшүрүлгөн бул Куран жеткирүү жана ал адамзат менен жиндерге жетиштүү. Чындыгында Аллахка каапырлык жана күнөө кылуу менен Ага баш ийбестик кылган коом гана азап менен кыйрап жок болот.