Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Muhammad — Ayah 4

فَإِذَا لَقِيتُمُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ فَضَرۡبَ ٱلرِّقَابِ حَتَّىٰٓ إِذَآ أَثۡخَنتُمُوهُمۡ فَشُدُّواْ ٱلۡوَثَاقَ فَإِمَّا مَنَّۢا بَعۡدُ وَإِمَّا فِدَآءً حَتَّىٰ تَضَعَ ٱلۡحَرۡبُ أَوۡزَارَهَاۚ ذَٰلِكَۖ وَلَوۡ يَشَآءُ ٱللَّهُ لَٱنتَصَرَ مِنۡهُمۡ وَلَٰكِن لِّيَبۡلُوَاْ بَعۡضَكُم بِبَعۡضٖۗ وَٱلَّذِينَ قُتِلُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ فَلَن يُضِلَّ أَعۡمَٰلَهُمۡ ٤
Оо, ыймандуулар! Согушчан каапырлар менен беттешсеңер, алардын моюндарын кылычыңар менен кыя чапкыла. Алардан өлгөндөр көбөйүп, алардын күч-кубатын жок кылганга чейин согушту уланткыла. Алардын көпчүлүгүн өлтүргөндөн кийин туткундардын кишендерин бекем байлагыла. Эгерде аларды туткунга түшүрсөңөр, анда пайдасына жараша тандооңор бар, ордуна эч нерсе албай азат кылгыла же акчалай же башка түрдө кун төлөткүлө. Каапырлар Исламды кабыл алуусу же келишим түзүүсү менен согуш аяктаганга чейин алар менен согушууну токтотпогула. Ыймандуулардын каапырлар менен сыналуусу, абалдардын алмашуусу, бири-биринин үстүнөн жеңишке жетүү сыяктуу бул айтылган нерселер – Аллахтын даанышмандыгы. Эгерде Аллах каапырларды согушсуз эле жеңүүнү каалаганда, Ал аларды жеңмек. Бирок Ал аларды бири-бири аркылуу сынаш үчүн согушту өкүм кылды. Ал ыймандуулардан кимиси согушарын, кимиси согушпасын сынайт, ошондой эле каапырды ыймандуу адам аркылуу сынайт. Эгерде ыймандуу өлтүрүлсө, ал бейишке кирет. Эгер ал ыймандуунун колунан өлсө, ал тозокко кирет. Аллах жолунда өлтүрүлгөн адамдардын иш-аракеттерин Аллах эч качан жок кылбайт.