Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Fath — Ayah 29

مُّحَمَّدٞ رَّسُولُ ٱللَّهِۚ وَٱلَّذِينَ مَعَهُۥٓ أَشِدَّآءُ عَلَى ٱلۡكُفَّارِ رُحَمَآءُ بَيۡنَهُمۡۖ تَرَىٰهُمۡ رُكَّعٗا سُجَّدٗا يَبۡتَغُونَ فَضۡلٗا مِّنَ ٱللَّهِ وَرِضۡوَٰنٗاۖ سِيمَاهُمۡ فِي وُجُوهِهِم مِّنۡ أَثَرِ ٱلسُّجُودِۚ ذَٰلِكَ مَثَلُهُمۡ فِي ٱلتَّوۡرَىٰةِۚ وَمَثَلُهُمۡ فِي ٱلۡإِنجِيلِ كَزَرۡعٍ أَخۡرَجَ شَطۡـَٔهُۥ فَـَٔازَرَهُۥ فَٱسۡتَغۡلَظَ فَٱسۡتَوَىٰ عَلَىٰ سُوقِهِۦ يُعۡجِبُ ٱلزُّرَّاعَ لِيَغِيظَ بِهِمُ ٱلۡكُفَّارَۗ وَعَدَ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ مِنۡهُم مَّغۡفِرَةٗ وَأَجۡرًا عَظِيمَۢا ٢٩
Мухаммад – Аллахтын элчиси. Аны менен бирге болгон сахабалар согушчан каапырларга катаал, бири-бирине мээримдүү, жумшак жана жан тартуучу. Оо, назар салуучу! Сен аларды Аллах таалага рүкү-сажда кылган абалда Андан көптөгөн кечиримди, улуу соопторду жана алардан ыраазы болуусун сурап жатышкандарын көрөсүң. Тууралыктан, сын-сыпаттуулуктан жана жүздөрүндөгү намаздын нурунан пайда болгон алардын маңдайындагы сажданын издери –алардын белгиси. Бул алардын Мусага түшкөн Тоорат китебинде келген сыпаттары. Ал эми Исага түшкөн Инжилдеги мисалы – алар бири-бирине жардам берүүдө жана толуктукта эгинзар сыяктуу. Ал кичине болуп чыгып, кийин катат, анан жооноюп сабагы түздөлөт. Дыйкандар анын бекемдигине жана толуктугуна суктанышат. Аллах бул мисалды каапырлар алардын күч-кубатын, бекемдигин жана толуктугун көрүп кыжырлары келиш үчүн айтты. Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылган сахабалар Аллах аларды жазалабастан күнөөлөрүн кечирүүнү жана Өз алдындагы бейиш болгон улуу сыйлыкты убада кылды.