Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Fath — Ayah 6

وَيُعَذِّبَ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ وَٱلۡمُنَٰفِقَٰتِ وَٱلۡمُشۡرِكِينَ وَٱلۡمُشۡرِكَٰتِ ٱلظَّآنِّينَ بِٱللَّهِ ظَنَّ ٱلسَّوۡءِۚ عَلَيۡهِمۡ دَآئِرَةُ ٱلسَّوۡءِۖ وَغَضِبَ ٱللَّهُ عَلَيۡهِمۡ وَلَعَنَهُمۡ وَأَعَدَّ لَهُمۡ جَهَنَّمَۖ وَسَآءَتۡ مَصِيرٗا ٦
Жана Аллах эки жүздүү эркектер менен аялдарды, Ага ширк кылган эркектер менен аялдарды жана Ал Өзүнүн динин колдобойт, Өзүнүн сөзүн бийик кылбайт деп Ал тууралуу жаман ойлогондорду азапташ үчүн. Алардын башына азап балээси келди. Аллах аларга каапырлыктары жана жаман ойлогондору себептүү каарданды, аларды Өз ырайымынан алыстатты жана аларга акыретте түбөлүк кала турган тозокту даярдап койду. Алардын Ага кайтып баруучу жайы болгон тозок кандай жаман жай!