Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Hujurat — Ayah 12

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱجۡتَنِبُواْ كَثِيرٗا مِّنَ ٱلظَّنِّ إِنَّ بَعۡضَ ٱلظَّنِّ إِثۡمٞۖ وَلَا تَجَسَّسُواْ وَلَا يَغۡتَب بَّعۡضُكُم بَعۡضًاۚ أَيُحِبُّ أَحَدُكُمۡ أَن يَأۡكُلَ لَحۡمَ أَخِيهِ مَيۡتٗا فَكَرِهۡتُمُوهُۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَۚ إِنَّ ٱللَّهَ تَوَّابٞ رَّحِيمٞ ١٢
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Эч кандай себептерге жана далилдерге негизделбеген көпчүлүк айыптоолордон алыс болгула. Чындыгында кээ бир күмөн ойлор күнөө. Мисалы, сыртынан жакшы көрүнгөн адам тууралуу жаман ойлоо сыяктуу. Ошондой эле ыймандуулардын артынан түшүп айып-кемчиликтерин издебегиле жана араңардан эч ким мусулман бир тууганы тууралуу ага жакпагандай сөздөрдү айтпасын. Чындыгында анын ага жакпагандай сөз айтканы өлүмтүктүн этин жеген сыяктуу. Өлгөн мусулман бир тууганынын этин жеш кимиңерге жакмак эле? Ушул сыяктуу эле ал тууралуу ушак айтууну жаман көргүлө. Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделеринин тооболорун Кабыл кылуучу, аларга Ырайымдуу.