Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Mujadila — Ayah 11

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِذَا قِيلَ لَكُمۡ تَفَسَّحُواْ فِي ٱلۡمَجَٰلِسِ فَٱفۡسَحُواْ يَفۡسَحِ ٱللَّهُ لَكُمۡۖ وَإِذَا قِيلَ ٱنشُزُواْ فَٱنشُزُواْ يَرۡفَعِ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مِنكُمۡ وَٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡعِلۡمَ دَرَجَٰتٖۚ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٞ ١١
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Эгерде силерге «ордуңардан жылышкыла» деп айтылса, анда жылышкыла. Ошондо Аллах силерге дүйнө жашооңордо жана акыретте орун берет. Эгер силерге «кадырлуу адамдар олтурсун үчүн ордуңарды бошоткула» деп айтылса, анда ордуңарды бошоткула. Аллах таала силердин араңардагы ыйман келтиргендердин жана илим берилгендердин даражасын көтөрүп коёт. Аллах силердин кылган нерселериңерден кабардар. Силердин иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында Ал алардын сыйлыгын же жазасын берет.