Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Mujadila — Ayah 22

لَّا تَجِدُ قَوۡمٗا يُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ يُوَآدُّونَ مَنۡ حَآدَّ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ وَلَوۡ كَانُوٓاْ ءَابَآءَهُمۡ أَوۡ أَبۡنَآءَهُمۡ أَوۡ إِخۡوَٰنَهُمۡ أَوۡ عَشِيرَتَهُمۡۚ أُوْلَٰٓئِكَ كَتَبَ فِي قُلُوبِهِمُ ٱلۡإِيمَٰنَ وَأَيَّدَهُم بِرُوحٖ مِّنۡهُۖ وَيُدۡخِلُهُمۡ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَاۚ رَضِيَ ٱللَّهُ عَنۡهُمۡ وَرَضُواْ عَنۡهُۚ أُوْلَٰٓئِكَ حِزۡبُ ٱللَّهِۚ أَلَآ إِنَّ حِزۡبَ ٱللَّهِ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ ٢٢
Оо, пайгамбар! Сен Аллахка жана кыямат күнүнө ыйман келтирген адамдарды, Аллахтын жана Анын элчисинин душмандарын дос туткандарын көрбөйсүң, эгер ал Аллахка жана Анын элчисине душмандык кылгандар алардын аталары же балдары же бир туугандары же алар таандык болгон урук-туугандары болсо да. Анткени ыйман Аллахтын жана Анын элчисинин душмандары менен достошуудан тыят жана ыйман байланышы бардык байланыштардан жоготу турат. Экөөсү бирдей келгенде ал биринчи аткарылат. Жакын тууганы болсо да, Аллахтын жана Анын элчисинин душмандарын дос тутпаган адамдар, мына ошолордун жүрөктөрүнө Аллах өзгөрбөс ыйманды бекемдеп койду жана аларды Өзүнүн далили жана нуру менен кубаттады. Алар кыяматта хан сарайлары менен бак-дарактарынын алдынан дарыялар агып турган Адн бейиштерине киришет. Алар анын түгөнбөгөн жыргалчылыктарында түбөлүк калышат. Аллах аларга андан кийин эч качан ачууланбай тургандай ыраазы болду жана алар Ага түгөнбөс жыргалчылык тартуулаганы үчүн ыраазы болушту. Ал жыргалчылыктардын бири – Аны көрүү. Жогоруда айтылган сыпаттагы адамдар – Аллахтын буйругун ээрчиген жана Анын тыюуларын таштаган Анын аскери. Албетте, мына ошол Аллахтын аскери жеңишке жетүүчүлөр эмеспи! Анткени алар дүйнөдө жана акыретте көздөгөнүнө жетишет жана коркунуч салган нерселерден кутушулат.