Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Mujadila — Ayah 3

وَٱلَّذِينَ يُظَٰهِرُونَ مِن نِّسَآئِهِمۡ ثُمَّ يَعُودُونَ لِمَا قَالُواْ فَتَحۡرِيرُ رَقَبَةٖ مِّن قَبۡلِ أَن يَتَمَآسَّاۚ ذَٰلِكُمۡ تُوعَظُونَ بِهِۦۚ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٞ ٣
Бул коркунучтүү сөздү айтып алып, кийин зихар кылган аялдары менен жыныстык мамиле кылууну каалагандар, алар менен жыныстык катнаш кылуудан мурун бир кулду азат кылуу менен күнөөсүн жууш керек. Бул айтылган өкүм, силерди зихар кылуудан тосуу үчүн буйрук кылынды. Аллах силердин кылганыңардан Кабардар. Силердин иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес.