Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Mujadila — Ayah 4

فَمَن لَّمۡ يَجِدۡ فَصِيَامُ شَهۡرَيۡنِ مُتَتَابِعَيۡنِ مِن قَبۡلِ أَن يَتَمَآسَّاۖ فَمَن لَّمۡ يَسۡتَطِعۡ فَإِطۡعَامُ سِتِّينَ مِسۡكِينٗاۚ ذَٰلِكَ لِتُؤۡمِنُواْ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦۚ وَتِلۡكَ حُدُودُ ٱللَّهِۗ وَلِلۡكَٰفِرِينَ عَذَابٌ أَلِيمٌ ٤
Ким азат кылганга кул таппаса, анда ал зихар кылган аялы менен жыныстык мамиле кылуудан мурун эки ай үлгүлтүксүз орозо кармашы керек. Ал эми ким эки ай үзгүлтүксүз орозо кармай албаса, анда ал алтымыш кембагалды тамактандыруусу керек. Биз бул өкүмдү Аллах буйруду деп ишенип, Анын буйругуна баш ийүүңөр үчүн өкүм кылдык. Биз силерге шарият кылган бул өкүмдөр – Аллахтын пенделери үчүн койгон чектери. Андыктан, аны бузбагыла. Ал эми Аллахтын өкүмдөрүнө жана койгон чектерине каапыр болгондорго кыйноочу азап бар.