Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Hashr — Ayah 11

۞ أَلَمۡ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ نَافَقُواْ يَقُولُونَ لِإِخۡوَٰنِهِمُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِنۡ أَهۡلِ ٱلۡكِتَٰبِ لَئِنۡ أُخۡرِجۡتُمۡ لَنَخۡرُجَنَّ مَعَكُمۡ وَلَا نُطِيعُ فِيكُمۡ أَحَدًا أَبَدٗا وَإِن قُوتِلۡتُمۡ لَنَنصُرَنَّكُمۡ وَٱللَّهُ يَشۡهَدُ إِنَّهُمۡ لَكَٰذِبُونَ ١١
Оо, пайгамбар! Ичине каапырлыкты жашырып, сыртынан ыйманды көргөзгөндөрдү карабайсыңбы, алар бурмаланган Тооратты ээрчиген каапыр жолдогу бир туугандары жөөттөргө: «Үйүңөрдө калгыла, биз силерди жардамсыз таштабайбыз, силерди сатып кетпейбиз. Эгерде силерди ал жактан кууп чыкса, биз дагы силер менен бирге чыгабыз. Бизди силер менен чыгып кетүүдөн тыюуну каалагандарга баш ийбейбиз. Эгерде силер менен согушса, анда биз дагы аларга каршы силерге жардам беребиз» – деп айтышат. Аллах эки жүздүүлөрдүн «жөөттөр кууп чыгарылса, биз дагы кошо чыгабыз, аларга согуш ачылса, алар менен бирге согушабыз» деген сөздөрүндө анык жалганчылар экенине күбөлүк берет.