Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Hashr — Ayah 2

هُوَ ٱلَّذِيٓ أَخۡرَجَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِنۡ أَهۡلِ ٱلۡكِتَٰبِ مِن دِيَٰرِهِمۡ لِأَوَّلِ ٱلۡحَشۡرِۚ مَا ظَنَنتُمۡ أَن يَخۡرُجُواْۖ وَظَنُّوٓاْ أَنَّهُم مَّانِعَتُهُمۡ حُصُونُهُم مِّنَ ٱللَّهِ فَأَتَىٰهُمُ ٱللَّهُ مِنۡ حَيۡثُ لَمۡ يَحۡتَسِبُواْۖ وَقَذَفَ فِي قُلُوبِهِمُ ٱلرُّعۡبَۚ يُخۡرِبُونَ بُيُوتَهُم بِأَيۡدِيهِمۡ وَأَيۡدِي ٱلۡمُؤۡمِنِينَ فَٱعۡتَبِرُواْ يَٰٓأُوْلِي ٱلۡأَبۡصَٰرِ ٢
Ал Аллахка каапырлык кылган жана Анын элчисин жалганга чыгарган Бану Надир уруусун Мединадагы өз турак-жайларынан Мединадан Шамга карай биринчи сүргүн катары чыгарды. Алар Тоорат ээлери болгон жөөттөр. Алар келишимди бузуп, мушриктер менен бирге ага каршы болгондон кийин Шам жергесине куугунтукталды. Оо, ыймандуулар! Силер алардын күч-кубаттуулугу жана коргонуусу себептүү аларды өз турак-жайларынан чыгып кетет деп ойлогон эмессиңер. Жана алар дагы курган чептери аларды Аллахтын кудурети менен жазасынан коргойт деп ойлошкон. Аллах Өз элчисине алар менен согушууну жана турак-жайларынан кууп чыгууну буйруган кезде Аллахтын күч-кубаты алар ойлобогон тараптан келди. Аллах алардын жүрөктөрүнө катуу коркунуч салды. Алар мусулмандар пайдаланбасын деп турак-жайларынын ичин өз колу менен бузуп талкалашты. Ал эми мусулмандар болсо аны сыртынан талкалашты. Эй, көзү бар адамдар! Аларга каапырлыктары себептүү башына түшкөн нерседен сабак алгыла жана алардай болбогула! Болбосо, силер да алар жазалангандай жаза аласыңар.