Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Hashr — Ayah 9

وَٱلَّذِينَ تَبَوَّءُو ٱلدَّارَ وَٱلۡإِيمَٰنَ مِن قَبۡلِهِمۡ يُحِبُّونَ مَنۡ هَاجَرَ إِلَيۡهِمۡ وَلَا يَجِدُونَ فِي صُدُورِهِمۡ حَاجَةٗ مِّمَّآ أُوتُواْ وَيُؤۡثِرُونَ عَلَىٰٓ أَنفُسِهِمۡ وَلَوۡ كَانَ بِهِمۡ خَصَاصَةٞۚ وَمَن يُوقَ شُحَّ نَفۡسِهِۦ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ ٩
Мухажирлерден мурун Мединада турукташкан ансарлар Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтиришти. Алар Меккеден көчүп келгендерди жакшы көрүшөт жана аларга берилбей, Аллах жолундагы мухажирлерге берилген олжо себептүү көкүрөктөрүндө аларга карата кыжырланууну жана көрө албастыкты сезбейт. Өздөрү кедей жана муктаж болуп турса да, дүйнө жакшылыктарын өздөрүнөн мурун мухажирлерге ыраа көрүшөт. Аллах кимди байлыкка болгон напси сугалактыгынан сактап, ал аны Аллах жолуна сарптаса, мына ошолор өздөрү каалаганына жетип жана корккон нерселеринен аман калуу менен жеңишке жетишет.