Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Mumtahanah — Ayah 1

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَتَّخِذُواْ عَدُوِّي وَعَدُوَّكُمۡ أَوۡلِيَآءَ تُلۡقُونَ إِلَيۡهِم بِٱلۡمَوَدَّةِ وَقَدۡ كَفَرُواْ بِمَا جَآءَكُم مِّنَ ٱلۡحَقِّ يُخۡرِجُونَ ٱلرَّسُولَ وَإِيَّاكُمۡ أَن تُؤۡمِنُواْ بِٱللَّهِ رَبِّكُمۡ إِن كُنتُمۡ خَرَجۡتُمۡ جِهَٰدٗا فِي سَبِيلِي وَٱبۡتِغَآءَ مَرۡضَاتِيۚ تُسِرُّونَ إِلَيۡهِم بِٱلۡمَوَدَّةِ وَأَنَا۠ أَعۡلَمُ بِمَآ أَخۡفَيۡتُمۡ وَمَآ أَعۡلَنتُمۡۚ وَمَن يَفۡعَلۡهُ مِنكُمۡ فَقَدۡ ضَلَّ سَوَآءَ ٱلسَّبِيلِ ١
Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Мага жана силерге душман болгондорду жакшы көрүп дос тутпагыла! Алар силердин пайгамбарыңардын колу менен келген динге каапырлык кылышты. Алар пайгамбарга кошуп силерди дагы Меккедеги турак-жайларыңардан чыгарышты. Алар силерге келгенде жакындыкка да, туугандыкка да, дегеле эч нерсеге карашпайт. Анткени силер Раббиңер Аллахка ыйман келтиргенсиңер. Эгерде Менин жолумда согушуу үчүн жана Менин ыраазылыгыма жетүү үчүн чыксаңар, анда андай кылбагыла, аларга болгон сүйүүдөн улам мусулмандардын кабарларын жашыруун жеткирбегиле. Мен силердин ал тууралуу эмнени жашырып, эмнени жарыялаганыңарды билемин. Ал болобу же башкасы болобу, алардын эч бири Мага жашыруун эмес. Кимде-ким каапырлар менен ошондой достук мамиледе болуп, аларга жакындык кылса, анда ал жолдун ортосунан чыгып кетти, акыйкаттан адашты жана тууралыктан четтеди.