Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Mumtahanah — Ayah 10

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِذَا جَآءَكُمُ ٱلۡمُؤۡمِنَٰتُ مُهَٰجِرَٰتٖ فَٱمۡتَحِنُوهُنَّۖ ٱللَّهُ أَعۡلَمُ بِإِيمَٰنِهِنَّۖ فَإِنۡ عَلِمۡتُمُوهُنَّ مُؤۡمِنَٰتٖ فَلَا تَرۡجِعُوهُنَّ إِلَى ٱلۡكُفَّارِۖ لَا هُنَّ حِلّٞ لَّهُمۡ وَلَا هُمۡ يَحِلُّونَ لَهُنَّۖ وَءَاتُوهُم مَّآ أَنفَقُواْۚ وَلَا جُنَاحَ عَلَيۡكُمۡ أَن تَنكِحُوهُنَّ إِذَآ ءَاتَيۡتُمُوهُنَّ أُجُورَهُنَّۚ وَلَا تُمۡسِكُواْ بِعِصَمِ ٱلۡكَوَافِرِ وَسۡـَٔلُواْ مَآ أَنفَقۡتُمۡ وَلۡيَسۡـَٔلُواْ مَآ أَنفَقُواْۚ ذَٰلِكُمۡ حُكۡمُ ٱللَّهِ يَحۡكُمُ بَيۡنَكُمۡۖ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٞ ١٠
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Эгерде силерге ыймандуу аялдар каапырлардын жеринен мусулмандардын жерине көчүп келишсе, алардын ыйманынын чындыгын сынап көргүлө. Аллах алардын ыйманын жакшы билет. Алардын жүрөгүндөгү катылган нерселер Ага жашыруун эмес. Эгерде алардын чынчылдыгын текшергенден кийин ыймандуу экенин билсеңер, анда аларды каапыр күйөөлөрүнө кайтарбагыла. Ыймандуу аялдар каапырларга турмушка чыгууга болбойт жана каапырлар ыймандуу аялдарга үйлөнүүгө болбойт. Күйөөлөрүнө аларга берген калыңды кайтарып бергиле. Оо, ыймандуулар! Силер алардын идда мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга калың берип, үйлөнсөңөр күнөө эмес. Кимдин аялы каапыр болсо же Исламдан баш тартса, анда аны кармабасын. Анткени анын каапыр болушу менен алардын никеси токтойт. Динден баш тарткан аялдарыңарга берген калыңды каапырлардан сурагыла жана алар дагы Исламды кабыл алган аялдарынын калыңын сурашсын. Силер тараптан жана алар тараптан калыңдын кайтарылып берилүүсү тууралуу бул айтылган нерсе – Аллахтын өкүмү. Аллах силердин араңарда Өзү каалагандай өкүм чыгарат. Аллах пенделеринин абалдарын жана иш-аракеттерин Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Ал пенделерине кылган шариятында Даанышман.