Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Mumtahanah — Ayah 12

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ إِذَا جَآءَكَ ٱلۡمُؤۡمِنَٰتُ يُبَايِعۡنَكَ عَلَىٰٓ أَن لَّا يُشۡرِكۡنَ بِٱللَّهِ شَيۡـٔٗا وَلَا يَسۡرِقۡنَ وَلَا يَزۡنِينَ وَلَا يَقۡتُلۡنَ أَوۡلَٰدَهُنَّ وَلَا يَأۡتِينَ بِبُهۡتَٰنٖ يَفۡتَرِينَهُۥ بَيۡنَ أَيۡدِيهِنَّ وَأَرۡجُلِهِنَّ وَلَا يَعۡصِينَكَ فِي مَعۡرُوفٖ فَبَايِعۡهُنَّ وَٱسۡتَغۡفِرۡ لَهُنَّ ٱللَّهَۚ إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٞ ١٢
Оо, пайгамбар! Эгерде сага Меккени багынткан күндөгүдөй ыймандуу аялдар келип, Аллахка эч нерсени шерик кылбастан, жалгыз Ага сыйынууга, уурулук жана зына кылбоого, караңгылык доордогу адамдардын үрп-адаттарына ылайык балдарды өлтүрбөөгө, зынадан төрөлгөн балдарын күйөөлөрүнө таандык кылбоого жана өлүккө өкүрүп ыйлоо, чачты кыруу, кийимин тытуу сыяктуу тыюу салынган жакшылык иштерде сага каршы чыкпоого ант беришсе, анда алардын антын кабыл кыл жана алар сага ант беришкенден кийин күнөөлөрү үчүн Аллахтан кечирим сура. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу.