Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Mumtahanah — Ayah 4

قَدۡ كَانَتۡ لَكُمۡ أُسۡوَةٌ حَسَنَةٞ فِيٓ إِبۡرَٰهِيمَ وَٱلَّذِينَ مَعَهُۥٓ إِذۡ قَالُواْ لِقَوۡمِهِمۡ إِنَّا بُرَءَٰٓؤُاْ مِنكُمۡ وَمِمَّا تَعۡبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ كَفَرۡنَا بِكُمۡ وَبَدَا بَيۡنَنَا وَبَيۡنَكُمُ ٱلۡعَدَٰوَةُ وَٱلۡبَغۡضَآءُ أَبَدًا حَتَّىٰ تُؤۡمِنُواْ بِٱللَّهِ وَحۡدَهُۥٓ إِلَّا قَوۡلَ إِبۡرَٰهِيمَ لِأَبِيهِ لَأَسۡتَغۡفِرَنَّ لَكَ وَمَآ أَمۡلِكُ لَكَ مِنَ ٱللَّهِ مِن شَيۡءٖۖ رَّبَّنَا عَلَيۡكَ تَوَكَّلۡنَا وَإِلَيۡكَ أَنَبۡنَا وَإِلَيۡكَ ٱلۡمَصِيرُ ٤
Оо, ыймандуулар! Силер үчүн Ибрахимде жана аны менен бирге болгон ыймандуу адамдарда жакшы өрнөк бар. Бир кезде алар каапыр коомуна: «Биз силерге жана Аллахтан башка сыйынган кудайларыңарга эч тиешебиз жок. Биз силер тутунган динге каапырлык кылдык. Силер Аллахка ширк кылбастан, жалгыз Ага ыйман келтирмейинче, биз менен силердин ортобузда душмандык жана жек көрүү жаралды» – деп айтышты. Андыктан силер дагы аларга окшогон каапыр коомуңардан баш тартууңар керек. Бирок Ибрахимдин атасына карата айткан: «Мен сиз үчүн Аллахтан кечирим сураймын. Мен сизди Аллахтын азабынан эч коргой албаймын» – сөзүндө аны өрнөк тутпагыла. Анткени бул Ибрахим атасынан үмүт үзгөнгө чейин болгон. Ошондуктан ыймандуу адам мушрик үчүн кечирим сурабаш керек. Раббибиз! Бүткүл ишибизде Сага таяндык, тообо кылып Сага кайттык жана кыямат күнү кайтып баруу – Өзүңө гана.