Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah As-Saf — Ayah 14

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ كُونُوٓاْ أَنصَارَ ٱللَّهِ كَمَا قَالَ عِيسَى ٱبۡنُ مَرۡيَمَ لِلۡحَوَارِيِّـۧنَ مَنۡ أَنصَارِيٓ إِلَى ٱللَّهِۖ قَالَ ٱلۡحَوَارِيُّونَ نَحۡنُ أَنصَارُ ٱللَّهِۖ فَـَٔامَنَت طَّآئِفَةٞ مِّنۢ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ وَكَفَرَت طَّآئِفَةٞۖ فَأَيَّدۡنَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ عَلَىٰ عَدُوِّهِمۡ فَأَصۡبَحُواْ ظَٰهِرِينَ ١٤
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Исанын жолдоочулары колдоо көргөзгөн сыяктуу силер дагы пайгамбарыңар алып келген Аллахтын динине колдоо көргөзүп, Анын колдоочулары болгула! Качан Иса аларга: «Аллахтын жолунда ким мага жардамчы болот?» – дегенде, алар: «Биз Аллахтын жардамчылары болобуз» – деп дароо жооп беришти. Анан Исраил урпактарынын бир бөлүгү ага ыйман келтирип, башка бир бөлүгү ага каапырлык кылышты. Ошентип, Биз Исага ыйман келтиргендерди ага каапырлык кылгандарга каршы колдодук, нажыйтажа алардын үстүнөн жеңишке жетишти.