Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah As-Saf — Ayah 5

وَإِذۡ قَالَ مُوسَىٰ لِقَوۡمِهِۦ يَٰقَوۡمِ لِمَ تُؤۡذُونَنِي وَقَد تَّعۡلَمُونَ أَنِّي رَسُولُ ٱللَّهِ إِلَيۡكُمۡۖ فَلَمَّا زَاغُوٓاْ أَزَاغَ ٱللَّهُ قُلُوبَهُمۡۚ وَٱللَّهُ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلۡفَٰسِقِينَ ٥
Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде Муса коомуна кайрылып: «Оо, элим! Силер мени Аллах тараптан келген элчи экенимди билип туруп, эмнеге буйругумду аткарбай мени кыйнап жатасыңар?» – деди. Качан алар ал алып келген акыйкаттан четтеп бурулуп кетишкенде, Аллах дагы алардын жүрөктөрүн акыйкаттан жана тууралыктан буруп койду. Аллах баш ийбес коомду акыйкатка жолдобойт.