Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Munafiqun — Ayah 5

وَإِذَا قِيلَ لَهُمۡ تَعَالَوۡاْ يَسۡتَغۡفِرۡ لَكُمۡ رَسُولُ ٱللَّهِ لَوَّوۡاْ رُءُوسَهُمۡ وَرَأَيۡتَهُمۡ يَصُدُّونَ وَهُم مُّسۡتَكۡبِرُونَ ٥
Эгерде эки жүздүүлөргө: «Аллахтын элчисине келип, силерден болгон нерсе үчүн кечирим сурагыла. Ал силердин күнөөлөрүңөр үчүн Аллахтын кечиримин сурасын» – деп айтылса, алар шылдыңдагансып баштарын чайкашат. Силер алардын акыйкатты кабыл албай жана ага баш бербей текеберленип, аларга буйрулган нерседен жүз бургандарын көрдүңөр.