Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Munafiqun — Ayah 8

يَقُولُونَ لَئِن رَّجَعۡنَآ إِلَى ٱلۡمَدِينَةِ لَيُخۡرِجَنَّ ٱلۡأَعَزُّ مِنۡهَا ٱلۡأَذَلَّۚ وَلِلَّهِ ٱلۡعِزَّةُ وَلِرَسُولِهِۦ وَلِلۡمُؤۡمِنِينَ وَلَٰكِنَّ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ لَا يَعۡلَمُونَ ٨
Алардын башчысы Абдуллах ибн Убай: «Биз Мединага кайтсак, мен жана элимден болгон күч-кудуреттүү адамдар, алсыз кор болгон Мухаммадды жана анын сахабаларын кууп чыгабыз» – деп айтты. Күч-кудуреттүүлүк Абдуллах ибн Убайдуллах менен жоро-жолдошторуна эмес, жалгыз Аллахка, Анын элчисине жана ыймандууларга таандык. Бирок эки жүздүүлөр күч-кудуреттүүлүк Аллахка, Анын элчисине жана ыймандууларга таандык экенин билишпейт.