Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah At-Talaq — Ayah 1

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ إِذَا طَلَّقۡتُمُ ٱلنِّسَآءَ فَطَلِّقُوهُنَّ لِعِدَّتِهِنَّ وَأَحۡصُواْ ٱلۡعِدَّةَۖ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ رَبَّكُمۡۖ لَا تُخۡرِجُوهُنَّ مِنۢ بُيُوتِهِنَّ وَلَا يَخۡرُجۡنَ إِلَّآ أَن يَأۡتِينَ بِفَٰحِشَةٖ مُّبَيِّنَةٖۚ وَتِلۡكَ حُدُودُ ٱللَّهِۚ وَمَن يَتَعَدَّ حُدُودَ ٱللَّهِ فَقَدۡ ظَلَمَ نَفۡسَهُۥۚ لَا تَدۡرِي لَعَلَّ ٱللَّهَ يُحۡدِثُ بَعۡدَ ذَٰلِكَ أَمۡرٗا ١
О, пайгамбар! Эгерде сен же сенин үммөтүңдөн кимдир бирөө аялына талак бермекчи болсо, ага биринчи идда мөөнөтүндө талак берсин, тагыраак айтканда, айыздан тазалангандан кийин жыныстык катнаш кылбай туруп талак берсин. Эгерде аялыңарды өзүңөргө кайтарууну кааласаңар, анда аларды кайтарып алууңар үчүн идда мөөнөтүн эстеп калгыла. Раббиңердин буйруктарын аткарып, тыйганынан тыйылып Аллахтан корккула. Талак берген аялдарыңарды алар жашаган үйдөн чыгарбагыла жана идда мөөнөтү бүтмөйүнчө өздөрү да чыкпасын, эгер алар зына сыяктуу ачык бузукулук кылбаган болсо. Бул өкүмдөр пенделерине Аллахтын белгилеп койгон чектери. Ким Аллахтын чегинен чыкса, анда ал Раббисине баш ийбегени үчүн өзүнө-өзү зыян келтирип зулумдук кылды. Эй, ажырашуучу! Балким, Аллах андан кийин жүрөгүнө каалоо киргизип, аялын кайра өзүнө аялдыкка алар, муну сен билбейсиң.