Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah At-Tahrim — Ayah 11

وَضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلٗا لِّلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱمۡرَأَتَ فِرۡعَوۡنَ إِذۡ قَالَتۡ رَبِّ ٱبۡنِ لِي عِندَكَ بَيۡتٗا فِي ٱلۡجَنَّةِ وَنَجِّنِي مِن فِرۡعَوۡنَ وَعَمَلِهِۦ وَنَجِّنِي مِنَ ٱلۡقَوۡمِ ٱلظَّٰلِمِينَ ١١
Жана Аллах Ага жана Анын элчилерине ыйман келтиргендердин каапырлар менен болгон байланышы аларга эч зыян бербестигине жана алар акыйкатта болгон кезде эч кандай таасир тийгизбестигине Фараондун аялынын абалын айтып мисал келтирди. Бир кезде ал айтты: «Оо, Раббим! Мага бейиште Өзүңдүн алдыңда үй куруп бер, мени Фараондун зулумдугунан, бийлигинен жана жаман иштеринен сакта жана чектен чыгып зулумдук кылууда аны ээрчип, өздөрүнө зыян келтирген адамдардан сакта».