Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah At-Tahrim — Ayah 3

وَإِذۡ أَسَرَّ ٱلنَّبِيُّ إِلَىٰ بَعۡضِ أَزۡوَٰجِهِۦ حَدِيثٗا فَلَمَّا نَبَّأَتۡ بِهِۦ وَأَظۡهَرَهُ ٱللَّهُ عَلَيۡهِ عَرَّفَ بَعۡضَهُۥ وَأَعۡرَضَ عَنۢ بَعۡضٖۖ فَلَمَّا نَبَّأَهَا بِهِۦ قَالَتۡ مَنۡ أَنۢبَأَكَ هَٰذَاۖ قَالَ نَبَّأَنِيَ ٱلۡعَلِيمُ ٱلۡخَبِيرُ ٣
Эстечи, бир жолу пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) Хафсага сыр айткан эле. Анда аялы Марияга жакындабайм деген болчу. Качан Хафса Аишага бул сырды айтканда, Аллах пайгамбарына сыры ачылып калганы тууралуу кабар берди. Ал Хафсаны жемелеп, анын айткандарынын кээ бирин өзүнө айтып берди, кээ бирин айтпады. Ошондо ал: «Сизге муну ким айтты?» – деп сураганда, ал: «Мага бардык нерсени Билүүчү, жашыруун нерселердин баарынан Кабардар (Аллах) билдирди» - деди.