Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Mulk — Ayah 3

ٱلَّذِي خَلَقَ سَبۡعَ سَمَٰوَٰتٖ طِبَاقٗاۖ مَّا تَرَىٰ فِي خَلۡقِ ٱلرَّحۡمَٰنِ مِن تَفَٰوُتٖۖ فَٱرۡجِعِ ٱلۡبَصَرَ هَلۡ تَرَىٰ مِن فُطُورٖ ٣
Ал жети асманды жаратты. Алардын ар бири эки асман бири-бирине тийишпегендей өзүнөн мурунку асмандан жогору турган өзүнчө бир катмар. Оо, назар салуучу! Сен Аллахтын жараткандарынан эч кандай айырмачылыкты жана келишпестикти таппайсың. Дагы бир жолу карап көрчү! Сен кандайдыр бир жарылууну же бөлүнүүнү көрүп жатасыңбы? Андайды эч качан көрбөйсүң. Акыйкатта сен чеберчилик жана тактык менен жаратылган нерсени гана көрөсүң.