Kyrgyz hakimov

Ayah by Ayah

Tags

Download Links

Kyrgyz hakimov translation for Surah Al-Jinn — Ayah 21

72:21
قُلۡ إِنِّي لَآ أَمۡلِكُ لَكُمۡ ضَرّٗا وَلَا رَشَدٗا ٢١
Айт: “Силерге зыян жеткирүү да, пайда келтирүү да менин колуман келбейт”.[1]1
Footnotes
  • [1] Азыркы учурда кайсы бир чала молдого же көзү ачыкка адамдар же жиндер жабалактап келсе, дароо Аллах тааланы унутуп “Силердин жолуңарды мен ачам, зыяныңарды мен арылтам” деп жөөлүп калышат. Аллах тааланын пайгамбары дүйнөдөгү эң улук жана дубасы кабыл болуучу адам болушуна карабай “Силер үчүн не зыян, не пайда жеткерүү менин колумда эмес” деп жатат. Демек, бардык пайда жана бардык зыян Аллах таланын гана колунда.