Kyrgyz hakimov

Ayah by Ayah

Tags

Download Links

Kyrgyz hakimov translation for Surah Al-Jinn — Ayah 22

72:22
قُلۡ إِنِّي لَن يُجِيرَنِي مِنَ ٱللَّهِ أَحَدٞ وَلَنۡ أَجِدَ مِن دُونِهِۦ مُلۡتَحَدًا ٢٢
(Дагы) айт: “(Эгер мен күнөө иш кылчу болсом) мени Аллахтын азабынан эч ким сактап кала албайт жана мен эч качан (жалынып баруу үчүн) Андан башка коргоочу таба албаймын.[1]1
Footnotes
  • [1] Бул сөздөр пайгамбардын тилинен учкандан кийин андан башкалар өздөрүнө тиешелүү жыйынтык чыгарып алуулары кажет. Башкача айтканда адампенде ким болушуна карабастан, кимдин урпагы болушуна карабастан эгер бир күнөө кылып, ал күнөөсүн Аллах таала кечирбесе, аны Аллахтын азабынан эч ким сактап кала албайт. Ал эми күнөө кылган адам азаптан кутулуу үчүн Аллах таалага гана жалбарышы, андан гана коргоо, кечирим тилеши керек. Анткени, күнөөлүү адамга Аллах тааладан башка коргоочу жок!