Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Ahzab — Ayah 18

۞ قَدۡ يَعۡلَمُ ٱللَّهُ ٱلۡمُعَوِّقِينَ مِنكُمۡ وَٱلۡقَآئِلِينَ لِإِخۡوَٰنِهِمۡ هَلُمَّ إِلَيۡنَاۖ وَلَا يَأۡتُونَ ٱلۡبَأۡسَ إِلَّا قَلِيلًا ١٨
Силердин араңардагы, Аллахтын элчиси менен бирге душманга каршы согушуудан башкаларды тыйып жаткандарды жана туугандарына: «Бизге кошулгула! Ага кошулуп согушпагыла, жаныңар кыйылат! Чынында, биз силердинжаныңар кыйылат деп коркуп жатабыз» деп азгыргандарды Аллах жакшы билет. Ал саткындар согушка келбейт жана катышпайт, катышса да, сейрек, Аллахты жана Анын элчисин колдоо үчүн эмес, өздөрү намыска калбоо үчүн келишет.