Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Ahzab — Ayah 19

أَشِحَّةً عَلَيۡكُمۡۖ فَإِذَا جَآءَ ٱلۡخَوۡفُ رَأَيۡتَهُمۡ يَنظُرُونَ إِلَيۡكَ تَدُورُ أَعۡيُنُهُمۡ كَٱلَّذِي يُغۡشَىٰ عَلَيۡهِ مِنَ ٱلۡمَوۡتِۖ فَإِذَا ذَهَبَ ٱلۡخَوۡفُ سَلَقُوكُم بِأَلۡسِنَةٍ حِدَادٍ أَشِحَّةً عَلَى ٱلۡخَيۡرِۚ أُوْلَٰٓئِكَ لَمۡ يُؤۡمِنُواْ فَأَحۡبَطَ ٱللَّهُ أَعۡمَٰلَهُمۡۚ وَكَانَ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرٗا ١٩
Оо, ыймандуулар жамааты! Алар силерден мал-мүлкүн аяган сараңдар, алар силерге жардам беришпейт. Алар жанына сараңдык кылгандар, силер менен бирге согушпайт. Алар сүйүүсүн аягандар, силерди жакшы көрүшпөйт. Оо, пайгамбар! Душман менен болгон беттеште коркунуч басканда, алардын көздөрү коркоктуктан өлүм алдында жан алакетке түшкөн адамдын көздөрүндөй болуп алаңдап сени жалдырап тиктегендерин көрөсүң. Ал эми алардан коркунуч кетип, тынчтанып калганда заар тилдери менен ар нерсени айтып зыян беришет. Алар олжого ач көз, аны далбастап издешет. Мына ушундай сыпаттагы адамдар чындап ыйман келтиришкен эмес. Ошол себептен Аллах алардын иш-аракеттеринин соопторун жок кылды. Ал жок кылуу Аллах үчүн өтө жеңил.