Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Ahzab — Ayah 20

يَحۡسَبُونَ ٱلۡأَحۡزَابَ لَمۡ يَذۡهَبُواْۖ وَإِن يَأۡتِ ٱلۡأَحۡزَابُ يَوَدُّواْ لَوۡ أَنَّهُم بَادُونَ فِي ٱلۡأَعۡرَابِ يَسۡـَٔلُونَ عَنۡ أَنۢبَآئِكُمۡۖ وَلَوۡ كَانُواْ فِيكُم مَّا قَٰتَلُوٓاْ إِلَّا قَلِيلٗا ٢٠
Ал коркоктор Аллахтын элчиси менен мусулмандарга каршы согушууга келген жоон топтор мусулмандарды кырып жок кылмайын кетишпейт деп ойлошот. Эгер тагдыр болуп, ал жоон топтор дагы бир жолу келишсе, анда ал эки жүздүүлөр силерден: «Душманыңар менен согушкандан кийин силерге эмне болду?» – деп кабар алып арабдар менен Мединадан чыгып кетүүнү каалашмак. Оо, ыймандуулар! Алар силердин араңарда болушса да алардын аз гана бөлүгү силер менен бирге согушмак. Андыктан аларга маани бербегиле, алар үчүн көңүлүңөрдү чөктүрбөгүлө.