Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Ahzab — Ayah 32

يَٰنِسَآءَ ٱلنَّبِيِّ لَسۡتُنَّ كَأَحَدٖ مِّنَ ٱلنِّسَآءِ إِنِ ٱتَّقَيۡتُنَّۚ فَلَا تَخۡضَعۡنَ بِٱلۡقَوۡلِ فَيَطۡمَعَ ٱلَّذِي فِي قَلۡبِهِۦ مَرَضٞ وَقُلۡنَ قَوۡلٗا مَّعۡرُوفٗا ٣٢
Оо, Мухаммад пайгамбардын аялдары! Силер артыкчылык жана кадыр-барк жактан башка аялдардай эмессиңер. Тескерисинче силер Аллахтын буйруктарына баш ийип, тыйгандарын таштасаңар, анда артыкчылык жана кадыр-барк жактан эч бир аял жете албай турган даражада болосуңар. Андыктан бөтөн эркектерге сөздү жумшартып, үндү назик кылып сүйлөбөгүлө. Мунун себебинен жүрөгүндө эки жүздүүлүк оорусу бар жана арамды эңсеген адам кызыгып калуусу мүмкүн. Зарылдык чекте шектенүүгө түртпөгөндөй тамашалабастан олуттуу сүйлөгүлө.