Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Ahzab — Ayah 33

وَقَرۡنَ فِي بُيُوتِكُنَّ وَلَا تَبَرَّجۡنَ تَبَرُّجَ ٱلۡجَٰهِلِيَّةِ ٱلۡأُولَىٰۖ وَأَقِمۡنَ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتِينَ ٱلزَّكَوٰةَ وَأَطِعۡنَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥٓۚ إِنَّمَا يُرِيدُ ٱللَّهُ لِيُذۡهِبَ عَنكُمُ ٱلرِّجۡسَ أَهۡلَ ٱلۡبَيۡتِ وَيُطَهِّرَكُمۡ تَطۡهِيرٗا ٣٣
Үйүңөрдө болгула! Зарылдык болбосо сыртка чыкпагыла! Исламга чейинки аялдардардын кылганындай сулуулуктарыңарды көргөзбөгүлө! Алар муну эркектерди өзүнө тартыш үчүн ачык көргөзүп жүрүшкөн. Намазды талаптагыдай абалда аткаргыла! Мал-мүлкүңөрдөн зекет бергиле! Аллах жана Анын элчисине моюн сунгула! Эй, пайгамбардын аялдары жана анын үй-бүлө мүчөлөрү! Чындыгында Аллах силерден зыянды жана жамандыкты кетирүүнү гана каалайт жана ошондой эле силерди асыл сыпаттарга ээ кылуу менен жана терс сыпаттардан толук арылтып, артынан бир дагы ыпласты калтырбастан силердин жан дүйнөңөрдү тазалоону каалайт.