Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Ahzab — Ayah 37

وَإِذۡ تَقُولُ لِلَّذِيٓ أَنۡعَمَ ٱللَّهُ عَلَيۡهِ وَأَنۡعَمۡتَ عَلَيۡهِ أَمۡسِكۡ عَلَيۡكَ زَوۡجَكَ وَٱتَّقِ ٱللَّهَ وَتُخۡفِي فِي نَفۡسِكَ مَا ٱللَّهُ مُبۡدِيهِ وَتَخۡشَى ٱلنَّاسَ وَٱللَّهُ أَحَقُّ أَن تَخۡشَىٰهُۖ فَلَمَّا قَضَىٰ زَيۡدٞ مِّنۡهَا وَطَرٗا زَوَّجۡنَٰكَهَا لِكَيۡ لَا يَكُونَ عَلَى ٱلۡمُؤۡمِنِينَ حَرَجٞ فِيٓ أَزۡوَٰجِ أَدۡعِيَآئِهِمۡ إِذَا قَضَوۡاْ مِنۡهُنَّ وَطَرٗاۚ وَكَانَ أَمۡرُ ٱللَّهِ مَفۡعُولٗا ٣٧
Оо, пайгамбар! Аллах аны Исламга киргизип жакшылык кылган жана сен аны азат кылып жакшылык кылган адамга (тагыраак айтканда Зейд ибн Хариса сага аялы Зайнаб бинт Жахшка талак берүү тууралуу кеңешейин деп келгенде) сен ага: «Аялыңды кетирбе, ага талак бербе! Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюуларын таштап Андан корк» – деп айттың. Оо, пайгамбар! Бирок сен адамдардан коркуп, Аллахтын ага үйлөнүүң жөнүндө сага кылган вахийин жашырып койдуң. Жакында Аллах Зейддин ага талак бергенин жана сенин ага үйлөнөрүңдү ачыкка чыгарат. Бул иште коркууңа Аллах гана татыктуу го. Качан Зейддин ага көңүлү чаппай, жактырбай ага талак бергенде Биз силерди үйлөндүрдүк. Мусулмандардын бакма балдары аялдарына талак берсе жана алардын идда (күтүү) мөөнөтү бүтсө, анда аларга үйлөнүү күнөө эмес. Аллахтын буйругу сөзсүз ишке ашат, аны эч нерсе токтото албайт жана тоскоол боло албайт.