Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Ahzab — Ayah 38

مَّا كَانَ عَلَى ٱلنَّبِيِّ مِنۡ حَرَجٖ فِيمَا فَرَضَ ٱللَّهُ لَهُۥۖ سُنَّةَ ٱللَّهِ فِي ٱلَّذِينَ خَلَوۡاْ مِن قَبۡلُۚ وَكَانَ أَمۡرُ ٱللَّهِ قَدَرٗا مَّقۡدُورًا ٣٨
Пайгамбардын өз бакма баласынын аялына үйлөнүүсү сыяктуу Аллах уруксат берген нерселерде ал үчүн эч кандай күнөө же кыжалаттык болбойт. Ал бул нерседе өзүнөн мурунку пайгамбарлардын жолун жолдойт. Ал муну пайгамбарлардан биринчи болуп кылып жаткан жок. Аллахтын бул үйлөнүүнү ишке ашыруусунда жана асыранды баланы өз ата-тегине таандык кылууну жокко чыгаруусунда пайгамбарга ой айтуу же тандоо берилбейт. Аллахтын тагдыр кылган бул өкүмү сөзсүз ишке ашат, ал кайтарылбайт.