Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Ahzab — Ayah 39

ٱلَّذِينَ يُبَلِّغُونَ رِسَٰلَٰتِ ٱللَّهِ وَيَخۡشَوۡنَهُۥ وَلَا يَخۡشَوۡنَ أَحَدًا إِلَّا ٱللَّهَۗ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ حَسِيبٗا ٣٩
Аллахтын түшүргөн жолдомолорун өз элине жеткирген пайгамбарлар Аллахтан башка эч кимден коркушпайт жана Аллах аларга уруксат берген иштерди ишке ашырууда башкалардын (айыптоо, каршы чыгуу менен) айткан сөздөрүнө көңүл бурушпайт. Аллах пенделеринин иш-аракеттерин эсептөөгө Өзү жетиштүү. Алар үчүн пенделеринен сурак алат жана жакшылык иштерине сыйлыгын ал эми, жамандык иштерине жазасын берет.